Мамлекеттик ишкана "Бирдиктүү терезе борбору" тарабынан ишке ашырылган, Эл аралык соода борборунун (ITC) негизги техникалык жардамы, ЮНКТАДдын кошумча техникалык колдоосу жана Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан каржыланган Кыргызстан маалымат соода порталына кош келиңиз.
Кыргызстан маалымат соода порталы - бул Дүйнөлүк соода уюмунун сооданы жөнөкөйлөштүрүү жөнүндөгү макулдашуусун аткаруу үчүн гана эмес, жергиликтүү жана чет өлкөлүк ишкерлерге импорт, экспорттук жана транзиттик процедуралар боюнча багыт берүү үчүн түзүлгөн платформа.
Ошондой эле Кыргызстан маалымат соода порталы бизнес коомчулугунун кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик бийлик органдарына соода процесстерин иретке келтирүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө жардам берет.
Биздин команда импорттук, экспорттук жана транзиттик процедураларды картага түшүрүү менен тышкы соода катышуучуларынын убактысын жана чыгымдарын азайтуу үчүн иштейт.
Мындан тышкары, биз чек арадагы соода эрежелерин чыңдап жана алардын натыйжалуу ишке ашырылышы менен бирге, Кыргызстандын бизнесин өркүндөткөнгө жана сүйүктүү Мекенибиздин экономикасын өнүктүрүүгө басым жасап жатабыз.
Биз менен байланышуу: МИ БТБ Дарек: Чүй пр. 122, 4-чү кабат 720040, Бишкек, Кыргызстан Тел.: +996 (312) 90 26 40 Факс: +996 (312) 90 26 55 E-mail: info@trade.kg Веб-сайт: www.trade.kg |