Кыргызстандын Маалымат Соода Порталы (КМСП) соода операциясына тиешелүү бардык процедураларды тизмелейт жана иретке салат.
- товарларды бажыдан өткөрүү үчүн аткарылышы керек болгон бардык жол-жоболордун тизмеси келтирилген;
- процедураларды алар аткарылышы керек болгон ырааттуулукка ылайык иреттейт. Мисалы, товарларды бажыдан өткөрүүдөн мурун шайкештик сертификаты же ветеринардык сертификат талап кылынышы мүмкүн.).
- Алдын ала каттоо/баштапкы каттоо: Жеке адам же юридикалык жак кийинчерээк лицензияларды жана уруксаттарды алуу үчүн каттоодон өтүшү керек. Бул кампа же ветеринардык инспекция тарабынан текшерүү болушу мүмкүн. Эреже катары, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучусунун уюмдары бир жолу гана каттоодон өтүшү керек.
- Лицензиялар: Бир катар тармактар жөнгө салынат жана бул тармактарда тышкы экономикалык ишмердүүлүк менен алектенүүнү каалаган уюмдар (жеке ишканалар же корпорациялар) бул ишке киргизилгенге жана керектүү уруксаттарды алышка чейин лицензия алышы керек. Кээ бир учурларда, лицензиялар жыл сайын узартылышы керек;
- Уруксат берүүлөр: Жол жоболоштуруу процедурасы башталганга чейин жүк үчүн чогултулууга тийиш болгон уруксаттар. Мисалы, бул фитосанитардык же ветеринардык сертификат, келип чыккан жеринин сертификаттары, импорттук уруксаттар, шайкештик сертификаттары ж.б. уруксаттар болушу мүмкүн. Бул жол-жоболор ар бир соода операциясы же ар бир партияны жөнөтүү үчүн аткарылууга тийиш;
- Бажы тариздөө жана чек ара жол-жоболору: жүктү бажы жагынан жол-жоболоштуруу жана чек арадан чыгуу же кирүү пунктунан өткөрүү үчүн зарыл болгон бардык процедуралар. Аларга бажы декларациясын берүү, чек арадагы текшерүүлөр, жүктү пломбалоо ж.б. процедуралар. Уруксаттар сыяктуу эле, бул жол-жоболор ар бир жаңы соода операция үчүн талап кылынышы мүмкүн.
Пошаговое описание процедур
Ар бир кадамдын деталдары (байланыш маалыматтар, талаптар, жыйынтык ж.б.)
- зарыл болгон байланыш маалыматы, анын ичинде уюмдун аталышы, дареги, телефон номерлери, веб-сайт, электрондук почта даректери, ж.б. (“кайда барыш керек?”);
- талап кылынган документтер, анын ичинде жүктөлүп алынуучу формалар жана тастыктоочу документтер (“эмне алып келүү керек?”);
- чыгашалар, б.а. талап кылынган жыйымдардын жана төлөмдөрдүн чоо-жайы, анын ичинде төлөм ыкмалары (“канча турат жана кантип төлөйм?”);
- күтүлгөн жыйынтыктар (“мен эмне алам?”);
- кадамдын бардык элементтери, өзгөчө талаптар жана төлөмдөр боюнча укуктук негизге шилтеме (“бул кандайча мыйзамдуу?”);
- кадамды аяктоо үчүн убакыт алкагы (“канча убакыт талап кылынат?”);
- даттанууларды жана даттанууларды берүү ыкмалары («көйгөй болгон учурда кайда даттануу керек?»).